Бишкекте 5-декабрда “Улуттук адабият күндөрү” аттуу апталык иш-чаралар башталды. Жумалыктын алкагында билим берүү мекемелеринде жана китепканаларда улуттук чыгармаларды даңазалаган акциялар, таймаштар жана жазуучу-акындар менен жолугушуулар өтөт.
Маданият жана маалымат министрлиги билдиргендей, 9-10-декабрда балдар китептерине арналган жармаңке да уюштурулат. Андан тышкары, кенже класс окуучулары арасында жомок баатырларынын сүрөтүн тартуу боюнча сынак болот.
10-декабрда Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында «Окурман үй-бүлө – окурман бала» акциясы уюштурулат.
Ошондой эле өлкөдөгү коомдук китепканаларда жана бардык мектептерде улуттук адабиятты жайылтуу максатында «Мектеп китепканасына китеп белек” иш-чарасы уюштурулмакчы. Каалоочулар мектептерге китеп тартууласа болот.
Жумалык 12-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу менен аяктайт. Аны аталган министрлик АКШ элчилиги жана USAID уюму менен бирге уюштурууда. (SE)