Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Мухаммед Зариф жолугуп, Хасан Роуханинин Бишкекке сапарын талкуулашты. Сүйлөшүү Индияда “Азия жүрөгү” аталышындагы Стамбул процессине мүчө өлкөлөрдүн 6-конференциясынын алкагында 4-декабрда болду.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Алмазбек Атамбаев 2015-жылы Иранга жасаган сапарынан кийинки кызматташуу жана мындан кийинки мамилени талкуулашты. Азырынча Роухани Бишкекке качан келери белгисиз. (SE)