Орусия менен Кытай Сириядагы элдешүү тууралуу БУУ резолюциясына вето койду. Мындай чечим 5-декабрда кабыл алынды. Алепподо 7 күндүк тынчтык режимин орнотууну БУУнун Коопсуздук кеңеши сунуштап, резолюция иштеп чыккан эле.
Ушуну менен Орусия Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына алтынчы жолу каршылык билдирди. Ал эми Кытайдын бешинчи ирет вето коюшу.