Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Кыргыз сому жаңы үлгүдө чыгат


Жарыкка салганда көрүнчү жазуу.

Улуттук банк айрым акчалардын жасалгасы өзгөргөнүн маалымдады. 1-январдан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттор бир аз өзгөртүлгөн дизайнда жүгүртүүгө чыгарылат. Бирок түсү, сүрөттөрү алмаштырылбайт.

Жаңы акчада классикалык ыкма менен даярдалган портрет даана көрүнүп турат. MASK-элементи өзгөрөт, тагыраак айтканда, акчаны жарыкка салып кароодо "сом" деген жазуу көрүнөт. Эски акчалар да пайдаланыла берет.

Улуттук валютанын бардык банкноттору өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG