“Элдик курултай” кыймылы, “Кыргыз чоролору”, “Кыргыз жолу” коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү азыр жөө жүрүшкө чыгууга камынып, Бишкектеги эски аэропорттогу Ормон хандын эстелигинин алдында чогулуп жатышат. Бул тууралуу уюштуруучуларынын бири, “Элдик курултай кыймылынын” өкүлү Кадыр Кошалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтуусунда, жөө жүрүш “Биз кыргызбыз” деп аталат жана тынчтык багытында болот. Анын катышуучулары азыркы Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр батыштан көчүрүлгөнүнө нааразылык билдиришет, улуттук Баш мыйзам кабыл алуу, паспортто улут тууралуу ачык, так жазуу, мамлекеттик кызматтарга таза адамдарды алып келүүгө бийликти чакырышат. Алар Бишкектеги эски аэропорттон Ала-Тоо аянтына чейинки аралыкты басып өтүүнү көздөп жатышат. (NT)