Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова реанимацияда жатат


Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова эки күндөн бери Бишкектеги ооруканалардын биринде реанимацияда жатат. Бүгүн абалы жакшырып, палатага которуларын кызы Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди.

7-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев адам укуктарын коргоо боюнча өткөргөн жыйында Абдирасулова өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылган. Жыйында укук коргоочу күч органдары аны тымызын көзөмөлгө алганын айткан.

Ал жакында эле Төлөйкан Исмаилова жана Нурбек Токтакунов үчөө кафеде тамактанып отурган кезде терезеге коюлган телефон аркылуу үндөрү жазылып жаткан окуяны буга мисал кылып келтирген.

Азиза Абдирасулова акыйкатчы Кубат Оторбаевден укук коргоочулардын укугун коргоону өтүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG