Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Ошто автобус айдоочулары улуттук кийимчен иштешет


Кесиптик кийим кийген айдоочу жана жаңы автобус. 9-декабрь, Ош шаары.
Кесиптик кийим кийген айдоочу жана жаңы автобус. 9-декабрь, Ош шаары.

Ош шаарында автобус айдоочулары бирдиктүү формага өтүп, улуттук кийим кийип иштөөгө милдеттендирилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар мындан ары элди ак калпак жана улуттук кемселчен тейлешет.

Бүгүн калаада жаңы 30 автобус ишке берилди. ЛИАЗ-529360 үлгүсүндөгү коомдук унаалар Орусиядан жакында 2 миллион 699 миң еврого сатып алынган.

Жакында 23 троллейбус келет. Анын баасы 3 миллион 98 миң евро экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG