Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

Ак-Талаада мал издеп кеткендердин сөөгү табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ак-Талаа районунда мал издөөгө кеткен эки кишинин  сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 22 жаштагы уландын сөөгү 8-декабрда, анын 23 жаштагы шеригинин жасаты 11-декабрда табылган. Алар Баетов айылынан Орто-Сырт жайлоосуна жоголгон малдарды издөөгө 7-декабрда чыгып кетишкен.

Издөө иштерин туугандары, жергиликтүү милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жүргүзүштү.

Ушул күндөрү тоолуу аймактарда сууктун күчү -20 градуска жетип, темир аяз күчүндө турган кези. (SE)

 

XS
SM
MD
LG