Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

12-декабрга аба ырайы


Ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот жана кар күрткүсү болот. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал 12-декабрга чейин сакталат.

12-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр-кар жаап, туман болот. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй жана Баткен облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүзү +2…+7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүзү 0…+5,

Нарында жергесинде -11…-16, күндүзү 0…-5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүзү -7…-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын табы түндө -1…-3, күндүз +5…+7 жылуу болот.

XS
SM
MD
LG