Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:23

Ошто жарандар самсаканада добуш берип жатышат


Самсаканадагы шайлоо участкасы.

Оштогу референдум өнөктүгү айрым коомдук тамактануучу жайларда да жүрүүдө. №5316 шайлоо участкасы Гагарин көчөсүндөгү самсаканалардын бирине жайгашкан.

Аймактык шайлоо комиссиясы бул добушкана айласыздан ачылганын билдирди. Маалыматка караганда, аталган номурдагы участка алгач “Нооруз” ресторанына белгиленген. Бирок аталган ресторан тойго буйрутма алып алгандыктан, айласыздан участка самсаканага көчүрүлгөн.

Кыргызстан боюнча жарандар 2 365 шайлоо участкасында добуш берип жатышат. (SE\UEz)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG