Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Укук коргоочуларды кысымга алууну токтотуу сунушталды


Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова.
Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова.

Сөз эркиндигин коргоо комитети бийликке кайрылып, белгилүү укук коргоочулар - Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы басымга алууну токтотууга чакырды.

Аталган уюм тараткан билдирүүдө эки укук коргоочунун артынан тыңшоолор болуп, бул алардын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип жатканы айтылат.

Өткөн аптада Омбудсмен институту өткөргөн жыйында маселени Азиза Абдирасулова да көтөрүп, укук коргоочулардын таламын талашууну акыйкатчыдан суранган. Ал кесиптештери менен кафеде отурган жерде белгисиз телефондон үндөрү жаздырылып жатканы тууралуу окуяны мисал келтирип жатып өзүн жаман сезип, реанимацияга түшкөн.

XS
SM
MD
LG