Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга шайлоочулардын 42,7 пайызы катышты. Тагыраак айтканда, добуш берүүгө эки миллион сегиз жүз миңден ашуун жаран акылуу болсо, анын 1 миллион 200 миңге жакыны добуш берди.
Эсептерге караганда, шайлоочулардын 80 пайызы Конституцияны өзгөртүүнү жактады, 16 пайызы каршы добуш беришти. 58 миңден ашуун бюллетень жараксыз деп табылды.
Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоого келген шайлоочулардын көрсөткүчү 44 пайызга жакынды түздү.
11-декабрда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.