Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык, Баткен шаардык кеңешине ат салышкан партиялар арасында КСДП 33 пайыздан ашуун добуш алды. "Жаңы доор" - 20,8, "Республика-Ата Журт" 12,9, "Кыргызстан" - 12,5, "Өнүгүү-Прогресс" - 10,4% алды.
Ал эми Жалал-Абад шаарында КСДП - 33,5, "Өнүгүү-Прогресс" - 25,3, "Кыргызстан" - 15, "Ата Журт" - 13,5%, "Республика-Ата Журт" 9,5% алды.
11-декабрда Кыргызстандын 22 шаарында жана айылдык кеңештерде шайлоо өттү.
Шайлоо эрежелерине ылайык, 7 пайыздык босогодон өткөн партияларга мандат берилет. Жогоруда аталган партиялардын баары бул чектен ашты.