Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Иран: Boeing учактарын сатып алуу келишимине кол коюлду


Макулдашкан тараптар.
Макулдашкан тараптар.

Ирандын улуттук авиакомпаниясы америкалык “Боинг” фирмасынан 16 миллиард долларга 80 учак сатып алуу боюнча макулдашууга жетишти.

Air Iran компаниясынын аткаруучу директору Фархад Парвашер билдиргендей, 11-декабрда эки компаниянын өкүлдөрү Тегеранда атайын келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды.

Учактар он жылдын ичинде Иранга жеткирилет. Маалыматты “Боинг” компаниясы да ырастады.

Макулдашуу АКШнын Каржы министрлиги жазында аталган компанияга жана европалык “Airbus” фирмасына Иранга миллиарддаган долларга учактарды сатууга уруксат бергенден кийин ишке ашты.

Келишим тууралуу кабар АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясынын алдында жарыяланды. Ал өткөн жылы Иран жана дүйнөлүк алты державанын ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууну сынга алган.

XS
SM
MD
LG