Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Трамп: Орусиянын үгүт өнөктүгүнө кийлигишти деген сөз күлкүлүү


Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) Орусия президенттик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишти деген жыйынтыгы күлкүлүү. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп "Fox News Sunday" телеканалына курган маегинде айтты. Ал жогорудагы сөздөр Хиллари Клинтондун утулушун түшүндүрүү үчүн демократтар тарабынан ойлоп чыгарылган шылтоо экенин билдирди.

Дональд Трамп Барак Обаманын шайлоо өнөктүгү маалында жасалган киберчабуулдарды иликтөөгө алуу тууралуу буйругуна каршы эместигин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, бул чабуулдарды Орусия ишке ашырды деп айтуу туура эмес.

-Бул жерде балким башка мамлекеттер, башка адамдар да аралашышы мүмкүн, - деди Трамп.

Жекшембиде АКШнын Демократтар жана Республикачылар партиясынан төрт сенатор үгүт өнөктүгүнө Орусиянын кийлигишүүсү “ар бир америкалык жаранды санааркатышы керектигин” жана Конгресс бул ишти тыкыр иликтеп чыгуусу зарылдыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG