Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

"Таза шайлоо": шайлоо салыштырмалуу таза өттү


11-декабрдагы добуш берүү.
11-декабрдагы добуш берүү.

"Таза шайлоо" ассоциациясы бүгүнкү маалымат жыйында майда мыйзам бузууларды кошпогондо жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум мурдагыларга салыштырмалуу таза, акыйкат жана атаандаштыктын алкагында өттү деп билдирди. Аталган уюмдун байкоочулары автоматташтырылган эсептөөчү урналар бузулуп, шайлоочулар добуш бере албай калган учурларды байкашкан. Уюмдун аткаруучу директору Тагир Осмоналиев жабдуунун айынан жана туура эмес уюштуруудан улам айрым жерлерде добуш берүү үзгүлтүккө учураганын кабарлады. Анын айтымында, Кара-Балта шаарында добуш сатып алуу фактылары катталды.

11-декабрда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана 22 шаардык, 389 айылдык кеңештерге шайлоо өттү. Шаардык кеңештерге шайлоого 35 саясий партия, ал эми айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. БШК Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду өттү деп жарыялады. Алдын ала маалыматтарга караганда референдумга катышкандардын 79 пайыздан ашууну Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG