Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

"Таза шайлоо" Бишкектеги №1044 участкадагы добушту жокко чыгарууну сунуштады


11-декабрдагы добуш берүү.
11-декабрдагы добуш берүү.

Бул тууралуу «Таза Шайлоо» ассоциациясынын аткаруучу директору Тагир Осмоналиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 11-декабрдагы шайлоодо №1044 добушканада автоматтык эсептөөчү үкөктөр иштеген эмес:

- Аймактык шайлоо комиссиянын жетекчиси аны көчмө үкөккө алмаштыруунун ордуна кадимки эле куту коюп, шайлоочулар бюллетендерди ошого таштады. Андыктан шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин бул участоктогу добуштарды жокко чыгарууну сунуштайбыз.

11-декабрда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана 22 шаардык, 389 айылдык кеңештерге шайлоо өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG