Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:11

Жээнбеков: шайлоодо бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүлдү


Добуш берүү.
Добуш берүү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 11-декабрда шайлоо боюнча Республикалык штабдын акыркы жыйынында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум таза, ачык, заманбап технологияларды колдонуу менен, уюшкандыкта өткөнүн жарыялады. Анын айтуусунда, шайлоодо бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүлдү. Өкмөт башчы шайлоодо иштеген бардык кызматкерлерге ыраазычылык айтты. Ошондой эле жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да активдүү иштегенин белгиледи:

-Жарандардын жана жалпыга маалымдоо каражаттардын активдүү позицияларынан улам шайлоо өнөктүгүнүн жана референдумдун жүрүшүндө келип чыккан кемчиликтерге мамлекеттик органдар жеринде ыкчам чара көрүп жатышты, – деген Жээнбеков шайлоо жана референдум саясий туруктуулуктун кепилдиги болорун белгиледи.

Октябрда өкмөт шайлоо боюнча Республикалык штаб түзгөн эле. (NT)

XS
SM
MD
LG