Баткен шаардык кеңешине 7 партия ат салышып, анын бешөө жеңишке жетти. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, биринчи орунда 12 мандат менен КСДП, экинчи орунда 7 мандат менен "Жаңы Доор", андан кийин Кыргызстан, "Республика - Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партиялары төрттөн мандат алмай болушту.
Кызыл-Кыя шаарында да биринчи орунга КСДП чыкты, 2-орунда "Республика - Ата Журт", 3-орунда "Өнүгүү", 4-орунда Кыргызстан, 5-орунда "Бир Бол", 6-орунда "Замандаш партиялары турат.
Жалпысынан Баткен облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого 87 829 (40,8% ), референдумга 98 146 (41%) шайлоочу добуш берди. (JsA)