Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Жалал-Абад шаардык кеңешине беш партия өттү. Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алар - КСДП, “Өнүгүү”, Кыргызстан, “Ата Журт” жана “Республика - Ата Журт” партиялары. Ал эми "Ата Мекен", "Улуу Кыргызстан" партиялары жетиштүү добуш топтой алган жок. Шаардагы 2 участканын добуштары толук келе элек, аларды кошкондо бул тизме өзгөрүшү мүмкүн.
Жалал-Абад шаарында 35 миң шайлоочу бар болсо, анын 49 пайызы добуш берүүгө катышты.
Ал эми Кербен шаарында болсо алты партия - КСДП, "Өнүгүү", "Бир Бол", Кыргызстан, Мекеним Кыргызстан жана "Республика - Ата Журт" жети пайыздык чектен өттү. Кербенде добуш берүүгө шайлоочулардын 50 пайызы келгени кабарланды. (RsK)