Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду шайлоочулардын 79,6 пайызы кубаттады. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-декабрда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр шайлоо участкаларынын 98 пайызынан маалымат келип түштү. 42 добушкананын жыйынтыктары келе элек.
Жалпысынан референдумга 1 млн 200 миң 438 адам келди, бул жалпы шайлоочулардын 49,02 пайызын түзөт. Анын ичинен 925 миң 440 адам өзгөртүүлөргө "макул", 184 миң 816 жаран "каршы" добуш беришти. 60 миң 182 бюллетень жараксыз деп табылды. (NT)