Кыргызстанда 11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум маалында ар бир төртүнчү добушканада жабдыктар иштебей калып жатты. Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын өкүлдөрү Бишкектеги басма сөз жыйында билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган уюмдун кызматкерлери 700 добушканадагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышты. Анын жүрүшүндө, көпчүлүк аймактарда биометрикалык маалыматтарды окуган жабдыктар улам иштебей калып, шайлоочулар кезек күткөн учурлар болду. Ошондой эле аталган коалиция бир катар добушканаларда студенттерди жапырт алып келген учурлар кезиккенин жана алар мугалимдердин көзөмөлү менен добуш бергенин маалымдоодо. Мындай көрүнүштөрдүн баарына акт түзүлүп, прокуратурага өткөрүлүп берилди.
11-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүп, аны шайлоого катышкан элдин 80 пайызга чукулу колдогонун БШК билдирди, жалпы элдик добуш берүү өттү деп жарыялады. Ал эми шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары чыгарылууда. (NT)