Түрк полициясы күрттөрдү жактаган Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрүн бутага алган рейддерден кийин 118 кишини камакка алганы кабарланды.
Рейд дүйшөмбү күнү өлкөнүн бир катар аймактарында өткөрүлгөнүн, кармалгандардын Күрт жумушчулар партиясы (ПКК) менен байланышы бар экенин “Анадолу” мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бул камоолор ПККнын бир бөлүгү саналган “Күртстандын эркин шумкарлары” тобу ишемби күнү Стамбулдагы 44 адамдын өмүрүн алган чабуулга жоопкерчиликти алгандан кийин орун алды. Алардын билдирүүсүнөн кийин Түркиянын согуштук учактары ПККнын Ирактын түндүгүндөгү позицияларына сокку урду.
Түрк парламенттиндеги экинчи ири оппозициялык фракция саналган Элдик демократиялык партиянын лидерлери да ПКК байланышы бар деген жүйө менен камакка алынган.