Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

"Авиатрафик": "Москва-Ош" аба каттамы бүгүн аткарылат


Аба ырайынан улам кыргызстандык "Авиатрафик" аба компаниясынын "Москва-Ош", "Новосибирск-Ош" каттамдары эки күнгө токтотулган. Бул тууралуу жүргүнчүлөр билдиришип, аны компаниянын Москвадагы өкүлү Искендер Сатыбалдиев "Азаттык" радиосуна ырастады. Анын айтуусунда, аба ырайына байланыштуу эки күндөн бери каттамдар аткарылбай турган. "Москва-Ош" каттамында 148 жүргүнчүгө билет сатылган. Алардын айрымдарына акчалар 100 пайыз кайтарылып же учуулары башка күнгө которулган.

Буга чейин жарандар "Авиатрафик" компаниясы банкротко учурагандыктан, каттамдар токтоп калганын кабарлашкан. Бирок, компаниядан бул маалыматты четке кагып, бүгүн кечинде учак Ош каттамын аткара турганын билдиришти.

Коюу туманга байланыштуу 10-декабрдан бери Оштогу аэропортто авиакаттамдар токтоп, жүргүнчүлөр 20 сааттан ашык күтүүгө аргасыз болушуп, көп ыңгайсыздыктар жаралган. (NT/LzT)

XS
SM
MD
LG