Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Сирия армиясы Пальмира шаарын алдырып жиберди


Пальмира
Пальмира

Сириянын армиясы тарыхый Пальмира шаарынан артка чегинип, калааны “Ислам мамлекетти” экстремисттик тобу кайра ээледи. Өкмөттүк күчтөр шаардан чыгып кетерден мурда калктын 80 пайызын коопсуз жайларга көчүргөнүн кабарлады.

ИМ тобу байыркы Пальмираны өткөн жылы жазда басып алып, баалуу архитектуралык эстеликтерди талкалашкан. Быйыл март айында өкмөттүк күчтөр шаарды кайра алышкан болчу.

Ал тапта Сирия армиясы курчоодогу Алеппо шаарынын Шейх Саид аттуу ири районуна көзөмөлүн орнотту. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, өкмөттүк күчтөр Алеппонун кезинде оппозиция ээлеп турган бул аймагынын 90 пайызын өз колуна алды.

12-декабрда Алеппонун чыгыш тарабында аба чабуулдары уланып, андан жүздөгөн жайкын тургун мерт болгону кабарланды.

2012-жылдан бери Алеппо экиге бөлүнүп, калаанын батыш жагын өкмөттүк күчтөр, чыгышын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп келген.

XS
SM
MD
LG