Кыргызстанда 13-декабрда түнкүсүн жана эртең менен бир катар аймактарда кар жаайт, күндүз жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8;
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8;
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5 градус төмөндөйт.
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз 5...7 градус жылуу.