Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал 9-декабрда ооруканада жаткан укук коргоочу Азиза Абдирасулованын абалынан кабар алган. Укук коргоочу өзүн бир аз жакшы сезип калган, ал күнү реанимациядан жалпы палатага которулган. Оторбаевдин айтуусунда, Абдирасулованы аңдуу фактысын Акыйкатчы институту иликтеп чыгат:
-Мен барганда Азиза Абдирасулованын абалы кичине жакшырыптыр. Бирок өтө деле жакшы эмесмин деди. Дарыгерлер анын кан басымы дале жогору экенин аныкташып, тамчылатма дары сайышты. Укук коргоочу акыркы кезде өзүнүн айланасында болуп жаткан окуялар тууралуу айтып берди. Буга чейин кабарлангандай эле Азимжан Аскаровдун сотунан чыккандан кийин телефон таап алган экен. Ал телефон азыр кызында экен. Мындан тышкары Абдирасулова баласы сабалганын да маалымдап жатат. Ошолордун баарын иликтеп көрүүнү сунуштап, ал киши макул болду. Биз эми иликтөө жүргүзөбүз. Жазылып алынды деген үндү, телефонду, диктофонду карап көрүшүбүз керек. Укук коргоочунун баласы менен да сүйлөшүп көрөйүн деп жатам. Андан кийин гана тиешелүү органдарга кайрылып, жоопту талап кылабыз.
Өткөн аптада Азиза Абдирасулова укук коргоочулардын таламын талашууну акыйкатчыдан суранган. Ал кесиптештери менен кафеде отурган жерде белгисиз телефондон үндөрү жаздырылып жатканы тууралуу окуяны мисал келтирип жатып өзүн жаман сезип, реанимацияга түшкөн.
Мындан мурда Сөз эркиндигин коргоо комитети бийликке кайрылып, Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы кысымга алууну токтотууга чакырды. Аталган уюм тараткан билдирүүдө эки укук коргоочунун артынан тыңшоолор болуп, бул алардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирип жатканы белгиленген. Абдирасулова көп жылдан бери адам укугун коргоо менен алектенип келет. Ал "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси. (NT)