Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Өзбекстандын өкмөт башчылыгына Абдулла Арипов көрсөтүлдү


Абдулла Арипов.
Абдулла Арипов.

Өзбекстандын бийликтеги Либерал-демократиялык партиясы премьер-министрлик кызматка Абдулла Ариповдун талапкерлигин көрсөттү. Партия Ариповду “реформаларды жасоо үчүн жоопкерчиликти көтөрө алган” адам деп мүнөздөдү.

Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда 13 жыл премьер-министр болуп иштеген Шавкат Мирзиёев 4-декабрда президент болуп шайланган.

55 жаштагы Арипов 2002-2012-жылдар аралыгында премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Каримов көз жумгандан кийин Шавкат Мирзиёев аны кайрадан өкмөт башчынын орун басары кылып дайындаган эле. 

 

XS
SM
MD
LG