Саясатчылар жана серепчилер глобалдашуу доорунда Кыргызстан баштан кечирип жаткан оош-кыйыштарды талдашат. Бүгүн Бишкекте “Глобалдашуу жана анын Кыргызстандын өнүгүүсүнө тийгизген таасири” аттуу жыйын саясий эксперттердин демилгеси менен уюштурулууда. Ага Феликc Кулов, Равшан Жээнбеков, Кубан Чороев, Амангелди Муралиев, Мамат Айбалаев жана бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер катышат.
Жыйында тарыхтагы жана азыркы саясий кырдаал, экономикалык-социалдык абал сөз болот.
Тегерек үстөл саат 12де “АкиПресс” агенттигинде болот. (SE)