Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Евробиримдик менен Куба “тарыхый” келишимге кол койду


Куба жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Бруно Родригес Паррилла, Федерика Могерини
Куба жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Бруно Родригес Паррилла, Федерика Могерини

Европа Биримдиги менен Куба эки тараптуу алаканы жакшыртууга багытталган келишимге кол коюшту. Кубадагы адам укуктары маселесинен улам ортодогу кызматташтык ондогон жылдар мурда токтоп калган.

“Саясий диалог жана кызматташтык келишимине” 12-декабрда Брюсселде Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилла жана Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Федерика Могерини, ошондой эле уюмга мүчө 28 мамлекеттин өкүлдөрү кол коюшту.

Могерини келишимди тарыхый деп мүнөздөдү. Соода, адам укуктары жана миграция маселелерин камтыган бул макулдашууну уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери ратификациялашы керек.

XS
SM
MD
LG