Сириянын Алеппо шаары үчүн күрөш соңуна чыгып калганын Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирди. Маалыматка ылайык, өкмөттүк күчтөр жылыш жасап, көтөрүлүшчүлөр шаардын дагы алты конушунан артка чегиништи.
“Алеппо кармашы аяктап калды”,-деди Сирия обсерваториясынын башчысы Рами Абдел Рахман.
12-декабрда Орусиянын армиясы Сириянын өкмөттүк күчтөрү курчоодогу бул шаардын 95 пайыздан ашыгына өз көзөмөлүн орнотконун билдирди.
2012-жылдан бери Алеппонун чыгышын президент Башар Асадга каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп келген. Ал тапта Сирия армиясы байыркы Пальмира шаарын кайрадан “Ислам мамлекетти” экстремисттик тобуна алдырып жибергени кабарланды.