Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:20

АКШнын федералдык судьясы 8-ноябрдагы президенттик шайлоодо Пенсильвания штатында берилген добуштарды кайра саноо өтүнүчүн четке какты. Бул штат республикачылардын талапкери Дональд Трамп аз айырма менен утуп чыккан үч чечүүчү штаттын бири болчу.

Жашылдар партиясынын лидери Жилл Стайн жана анын шайлоо штабы Пенсильваниядагы добуштарды кайра саноону суранышкан. Бирок сот демилгечилер добуштарды саноого керектелчү акчаны чогулта алган жок деген жүйө менен бул сунушту четке какты.

Стайн добуш саноочу жабдыктарды хакерлер бузуп кире аларын айтып, Мичиган жана Висконсин штаттарында да добуштарды кайра карап чыгуу демилгесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG