Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Савченко жикчилдер менен жолукканын бышыктады


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Украина парламентинин өкүлү Надежда Савченко өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен жолугушканын тастыктап, барымтадагы кишилерди алмашуу боюнча сүйлөшкөнүн билдирди. Анын бул аракетин бир катар партиялар айыптап, айрымдар “террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзүү” катары сыпаттап жатышат.

2014-жылдан быйыл мартка чейин Орусиянын түрмөсүндө отурган учкуч айым “112 Украина” гезитине курган маегинде билдиргендей, ал жикчилдердин лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий менен Минск шаарында кезигишкен. Бул жолугушуу тууралуу алгач Беларус маалымат каражаттары жазган.

“Баткившина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко бул жолугушууну “жосунсуз жорук” деп атады.

Савченко буга чейин да жикчилдер менен жарашууга чакырык таштап, бир катар депутаттардын жемесине кабылган.

Украина чыгышында 2014-жылдан бери уланып жаткан орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн тирешинен 9700дөн ашуун адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG