Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орунбасары Каан Эсенер менен жолугуп, коопсуздук боюнча кызматташууну талкуулады. Сүйлөшүү 9-декабрда өткөнүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө маалымдады.
Жолугушуу түрк тараптын демилгеси менен уюштурулду. Тараптар коопсуздук жаатында гана эмес, башка тармактарда да кызматташууну, Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнү сүйлөштү.
Соңку кездери Түркияда жоочулар улам соккуларды ишке ашырып келет. 10-декабрь күнү да Стамбулда кош жардыруу болуп, кырктай адам набыт кетти. (SE)