Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Жалал-Абад: бир добушканадагы шайлоо жыйынтыгы талаш жаратууда


Добушканада.
Добушканада.

11-декабрда шаардагы №2096 добуш беруу участкасында кечки саат 20:00до шайлоо токтобой 23:00го чейин уланган. Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы билдирип, аймактык шайлоо комиссиясына кайрылды. Арызды шайлоо комиссиясы бүгүн түштөн кийин карайт. Аталган уюм добушканада шайлоого катышкан жарандардын санынан бюллетендердин саны ашып кеткенин маалымдоодо.

Бул жерде шайлоо жыйынтыгы боюнча 1600дөн ашык добуш саналып, КСДП партиясы алдыга чыккан.

11-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүп, аны шайлоого катышкан элдин 80 пайызга чукулу колдогонун БШК билдирди, жалпы элдик добуш берүү өттү деп жарыялады. Ал эми шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары чыгарылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG