Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Башкы прокурор шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди


Добушканада.
Добушканада.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 13-декабрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү кабарлагандай, анда Атамбаевге 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум учурундагы мыйзам бузууларга карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Индира Жолдубаева ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө аракеттери, жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу айтып берди. Соңунда президент тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөнү, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

ИИМдин соңку маалыматы боюнча, 11-ноябрдан тартып 11-декабрга чейин шайлоого байланыштуу 47 мыйзам бузуу аныкталып, анын 44ү каттоого алынды. Эреже бузуулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болгон. Шайлоого даярдык маалында үгүт материалдарын айруу, жок кылуу, үгүт эрежесин бузуу, добуш сатып алуу аракеттери катталса, 11-декабрда бир катар аймактарда шайлоочуларды жапырт ташып келүү сыяктуу көрүнүштөр да орун алды. (NT)

XS
SM
MD
LG