Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Дональд Трамп жаңы мамлекеттик катчыны жарыялайт


Рекс Тиллерсон Орусия президенти Владимир Путин менен. Санкть-Петербург, 21-июнь, 2013-жыл.
Рекс Тиллерсон Орусия президенти Владимир Путин менен. Санкть-Петербург, 21-июнь, 2013-жыл.

АКШнын шайланган президенти өз администрациясындагы мамлекеттик катчыны бүгүн жарыялай турганын кечээ кечинде Twitter аркылуу билдирди. Трамп кайсы бир ысымды атаган жок, бирок Fox News, AP, Reuters өңдүү маалымат каражаттары бул кызмат үчүн негизги талапкер Exxon Mobil мунай компаниясынын аткаруучу директору Рекс Тиллерсон экенин кабарлашууда.

Трамптын кеңешчиси Киллиан Конвейдин кабарчыларга айтканына караганда, Тиллерсондун Орусияда мунай казуу долбоорлору менен байланышкан узактан берки тажрыйбасы ал мамлекеттик катчылык үчүн башкы талапкер болушуна жардам берди.

Эгер Тиллерсон мамлекеттик катчылыкка чын эле көргөзүлсө, анын Орусия менен байланыштары АКШ Сенатындагы талкуу учурунда бир катар суроолорду жаратышы мүмкүн.

Маселен, республикачыл сенаторлордун бири Жон МакКейн Тиллерсондун Орусия президенти менен байланыштары анда “олуттуу тынчсызданууга” негиз берип жатканын белгиледи.

АКШдагы тартип боюнча мамлекеттик катчыны өлкө Сенаты бекитиши керек.(UE)

XS
SM
MD
LG