Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

Жамалдинов: чет элдиктерге ишке уруксат берүү коррупциялашкан


Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 13-декабрда "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Документтин авторлорунун бири, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, документте чет элдиктердин Кыргызстанда иштөөсүн уруксат берүү тартиби камтылган:

Былтыр өкмөт чет элдиктерге 14 900дөй квота бекиткен. Тиешелүү токтом 2006-жылдан бери өзгөргөн эмес. Жылына чет элдиктерге жумушка уруксат берүүдөн казынага 50 миллион сом акча түшөт. Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө уруксат берүү жараянынын баасы да көтөрүлүп жатат. Мурда 2-4 миң сом болсо, азыр аны 40 миңге чейин жогорулатууну өкмөткө сунуштап жатабыз. Эгер баа кымбаттаса, бир четинен бюджетке кошумча акча түшмөк, экинчи жагынан бул жактагы чет элдиктер тескөөгө алынып тартипке салынмак.

Жамалдинов жаңы өзгөртүүлөр бул тармактагы коррупцияга да чек койот деген ойдо.

Мамлекеттик каттоо кызматынын акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстандагы чет элдик жумушчу күчүнүн 77 пайызын кытайлыктар түзөт, андан кийинки орунда түрк, түштүк кореялыктар турат. Жыл башынан бери Кыргызстанда иштөө боюнча 2380 арыз түшүп, анын 1836сы канааттандырылган.

Кытай жарандары көбүнчө автожолдордун курулушу, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо, мунай, газ жана алтынды кайра иштетүү тармактарына тартылган. Жалпысынан өкмөт быйылкы жылга чет элдиктерге 15 миңге чукул квота бөлгөн. Анын 12 миңге жакыны 79 мамлекеттен келген жарандарга берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG