Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

БУУ өкүлү: Алепподо мыкаачылык жасалууда


Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнүн көрүнүшү. 9-декабрь, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнүн көрүнүшү. 9-декабрь, 2016-жыл.

Алеппо шаарынын чыгышында “мыкаачылыктар” болуп жатканын БУУнун гуманитардык иштер боюнча кеңешчиси Ян Егеланд билдирди.

Ал Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу жазгандай, “Алепподогу ар бир жана бардык мыкаачылыктар үчүн Сириянын жана Орусиянын өкмөттөрү жоопкер”.

Кечээ Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппонун чыгыш бөлүгүнөн дагы бир районду, ал эми чет жакасынан үч районду ээлеп, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчуларды шаардын кууш бөлүгүнө камалаганы кабарланган.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөрдүн кечээги чабуулунан жайкын тургундар менен козголоңчул согушкерлердин 60тайынын өмүрү кыйылды.

Орус армиясы өкмөттүк күчтөр азыр шаардын 95% көзөмөлдөп жатканын билдирүүдө. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын директору Абдел Рахмандын айтымында да, бул жердеги уруштун “аягына чыгышы аз гана убакыттын маселеси болуп турат”. (UE)

XS
SM
MD
LG