Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугу өтөт


Эртең, 14-декабрда Бишкекте тогуз коргоол боюнча III ачык Азия чемпиондугу башталат. Бул тууралуу тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Учурда ага катышууга 13 өлкөдөн сунуш түшкөн. Алар: Кытай, Монголия, Түркмөнстан, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Иран, АКШ, Өзбекстан жана Орусия командалары. Мындан тышкары Британиядан дагы оюнчулар келүүгө каалоосун билдирген. Ар бир өлкөдөн экиден эркек, экиден кыз-келиндер жеке эсепте байге үчүн мелдешет. Ачык чемпиондукту Кыргызстандын тогуз коргоол федерациясы менен Казакстандын тогуз кумалак федерациясы биргеликте уюштурууда.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын имаратында өтүп жаткан оюндар 21-декабрга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG