Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:53

Алексей Навальный президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Алексей Навальный президенттик шайлоого катышарын жарыялоодо. 13-декабрь, 2016-жыл.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы жана Путиндин сынчысы бул тууралуу бүгүн атайын видео билдирүү жасады.

Оппозиционердин көз карашында, Орусияда чыныгы шайлоо 1996-жылдан бери боло элек, андыктан анын президенттик жарышка түшүүсү “коомго, мамлекетке, ар бир конкреттүү адамга, мунун ичинде анын көз караштарын бөлүшпөгөндөр үчүн да пайдалуу”.

Азыртан эле “жеңиш үчүн” күрөшө турганын ырастап жатканын Алексей Навальный шайлоого катышуу укугуна, ага каржылык кылмыш жасаганы үчүн деп берилген өкүмдү жакында Орусиянын Жогорку Соту жокко чыгаргандан кийин ээ болду.

“Кировлес” иши боюнча учурда кайра соттук териштирүү жүрүүдө.

Шайлоого катышуу укугунан ажыратуу үчүн ага каршы алдыда да айыптоочу өкүм болушун жокко чыгарбаган Алексей Навальный, 2011-2012-жылдардагы нааразылык акциялардын лидери болгон.

Андан бери президент Путиндин айлана-чөйрөсүнүн коррупцияга малынганын күбөлөндүргөн бир нече баяндамаларды да чыгарды. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG