Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:04

Германия жана Франция Орусияга каршы санкцияларды узартууну макулдашты


Франсуа Олланд жана Ангела Меркел. Берлин, 19-октябрь, 2016-жыл.

Бул эки өлкөнүн лидерлери: немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Франсуа Олланд Орусияга каршы санкцияларды улантууну ич ара макулдашканын жана Евробиримдиктин калган өлкөлөрүн да мына ушундай кадамга чакырарын бүгүн Берлинден жарыялашты.

Меркел менен Олланд мындай чечимдин зарылдыгын Украинанын Донбасс аймагындагы кырдаалды саясий жөнгөрүү ишинде жылыш жоктугу менен түшүндүрүштү:

- Биз Украинадагы кырдаалды жана аткарылуусу абдан жай кетип жаткан Минск келишимин кыска талкууладык. Биз мунун аткарылуусунда прогресс жакшыраак болуусун каалаганыбыз менен Орусияга каршы санкцияларды кайрадан узартуу зарыл,- деди немис канцлери Ангела Меркел Берлиндеги басма сөз жыйында.

Европанын эки ири өлкөсүнүн лидерлери бул тууралуу апта соңундагы саммитти утурлай айтып чыгышты. Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартуу маселеси Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин апта соңундагы жогорку жыйынынын күн тартибине коюлган.

Биримдик Крымдын аннексиясынан, Орусиянын Украинадагы аракеттеринен улам Москвага каршы санкцияларды бир нече айлампа менен киргизген. Орусия жооп чара иретинде Евробиримдиктен тамак-аш, азык-түлүк импорттоого тыюу салган. (UE)

XS
SM
MD
LG