Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Казакстанда мунапыс мыйзамына кол коюлду

Алматы облусундагы түрмө. 2014-жыл, декабрь.
Алматы облусундагы түрмө. 2014-жыл, декабрь.

Көз карандысыздыктын 25 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган мыйзамга кол койгон президент Нурсултан Назарбаев 13-декабрда калкка видео кайрылуу да жасады.

Назарбаевдин айтымында, бул жолку мунапыс мыйзамынын таасири ар кандай деңгээлде 28 миңдей адамга тийиш мүмкүн. Абак жайлардан бир жарым миңдей адам бошотулуп, алардын 80% көзөмөл астында болот.

Мунапыс мыйзамын президент Нурсултан Назарбаев өз кайрылуусунда “боорукерлик актысы, үмүт, мекендештерге карата кечирим” деп атап, ал калктын социалдык жактан аяр катмарын: жашы жете электерди, балдары бар аялдарды, кары адамдарды камтый турганын да кошумчалады.

17 миллион калкы бар Казакстандын абактарында азыр 36 миңдей адам олтурат. (UE)

XS
SM
MD
LG