Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:12

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы “Жорго такси” кызматынын дагы бир айдоочусу маңзат чегип алып иштеп жүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, милиция “Алтын жорго” фирмасынын жетекчилиги менен 13-декабрь күнү айдоочулар арасында профилактикалык текшерүү жүргүзгөн.

“Жоргонун” 20 айдоочусу Донецк көчөсүндөгү атайын борбордо экспертизалык текшерүүдөн өтүп, бирөө маңзат чеккени аныкталган.

Факт боюнча административдик протокол түзүлдү. Мыйзамга ылайык, маңзат чегип эл ташыган такси айдоочусуна 10 миң сом айып салынып, айдоочулук күбөлүгү алынат.

6-декабрда “Жорго” компаниясынын 200дөй айдоочусу менен эки милиция кызматкеринин ортосунда жаңжал чыккан. Тартип сакчылары жараат алып, ооруканага түшүшкөн.

Милиция эки айдоочу маңзат чегип унаа айдап жүргөнү аныкталганын, тигилер буга каршылык көрсөтүп шериктерин чакырганын билдирген.

Андан бери “Жорго таксинин” айдоочулары милициянын кысымына кабылып келе жатканын белгилешүүдө. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG