Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 14-декабрда болот


Шавкат Мирзиёев шайлоодо жеңгенден кийин. Ташкент, 5-декабрь, 2016-жыл.
Шавкат Мирзиёев шайлоодо жеңгенден кийин. Ташкент, 5-декабрь, 2016-жыл.

Мындай чечим Өзбекстандын парламенти – Олий Межлистин жогорку палатасы - Сенаттын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул маалыматты Сенаттагы өздүк булактарынан алды. Шайланган президенттин кызматка расмий киришүү күнү Сенаттын бүгүнкү олтурумунда белгилене турганын мурдараак Uzmetronom.com интернет басылмасы да кабарлаган эле.

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Расмий эсепте аны добуш бергендердин 88,6% колдогон.

Орусиялык маалымат агенттиктер кабарлагандай, Шавкат Мирзиёев Сенаттын бүгүнкү олтурумунда премьер-министрдин кызматынан расмий кетти.

Аны президенттикке талапкер кылган Ишкерлер кыймылы жана Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы премьер-министрликке Абдулла Ариповду көргөзгөнү 12-декабрда белгилүү болгон.

Мурда да премьердин орун басары болуп, бирок кийин бошотулган Абдулла Арипов ушул эле кызматка кайра Шавкат Мирзиёев быйыл сентябрдын башында маркум Ислам Каримовдун ордун баскандан кийин дайындалган. (UE)

XS
SM
MD
LG