Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:00

2018-жылга чейин 620 мектеп интернетке туташат

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылга чейин Кыргызстандагы 620 мектепти интернетке туташтыруу аракетин көрүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал үчүн өкмөт 300 миллион сом бөлгөн. Каражаттын 163 миллион сомдон ашууну интернет улоого, калганы санариптик телекөрсөтүү менен камсыздоо жабдууларына жумшалат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерди “Ай-Спейс” компаниясы утуп алган. Интернет ылдамдыгы kg зонасында секундуна 10- мбит, kg зонасынан тыш 2 мбит болушу кажет.

Аталган компания 620 мектептин 70 пайызын 2017-жылдын 1-сентябрына чейин, калганын 1-ноябрга чейин интернетке кошууга милдеттүү.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө 2218 мектеп бар.

XS
SM
MD
LG