Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Мас абалында унаа башкаргандарга жазаны катаалдантуу сунушталды


Бишкектеги жол кырсыктарынын бири.
Бишкектеги жол кырсыктарынын бири.

Спирттик ичимдик ичип алып унаа башкарган айдоочуларга жазаны катаалдантуу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров киргизди. Эл өкүлү парламенттин 13-декабрдагы жыйынында Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугу боюнча жүргүзүп жаткан реформасы ийгиликтүү болбой жатканын айтып, Административдик кодекске өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрдү:

- Айдоочу мас абалында кармала турган болсо айыппул салынсын. Экинчи ирет кармалса беш жылга айдоочулук күбөлүгү алып коюлсун. Эгер мас учурунда жол кырсыгына кабылып, адам өмүрү кыйылган болсо, түбөлүккө айдоочулук укугу алып салынсын. Машинеси конфискациялансын. Биз ушундай эрежени сунуштап жатабыз.

Ошондой эле Акылбек Жапаров мас абалында жол кырсыгына кабылган айдоочуга тиешелүү чара колдонбогон Патрулдук милиция кызматкерине 20 миң сом айыппул салуу, адам өмүрүн кыйган жол кырсыгына көңүл кош мамиле жасаса кызматтан бошотуу боюнча эреже киргизилерин белгиледи.

Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн катарында. Расмий кабарларга ылайык, жылына жети миңден көп авария болуп, миңден ашуун адам көз жумат. (SE)

XS
SM
MD
LG