Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Орусия өкүлү Алепподо салгылашуу токтогонун билдирди


Алеппонун тургундары. 13-декабрь, 2016-жыл.
Алеппонун тургундары. 13-декабрь, 2016-жыл.

Сириянын Алеппо шаарында согуштук аракеттер токтогону тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин 13-декабрда билдирди. Дипломаттын айтуусунда, калаа жикчилдерден тазаланып, өкмөт көзөмөлдү колуна алды. Акыркы сааттарда бул шаарда жардыруу жана атышуулар болгон жок.

Адистер бул маалымат Алепподо төрт жылкы калаба аяктаганын айгинелерин, бирок азырынча тыянак чыгаруу эрте экенин билдирүүдө.

Бир күн мурда, 12 декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалынын өкүлү Руперт Колвилл билдирүү жасап, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алепподо ондогон жайкын тургундарды атып салганын айткан. Анын сөздөрүнө караганда, калаанын төрт районунда 82 адам аскерлердин огунан курман болгон.

XS
SM
MD
LG