Жарандары Кыргызстанга келгенден соң беш күн ичинде каттоого туруудан бошотулган 91 мамлекеттин тизмеси 19-декабрда бекитилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлап, өлкөдө 4-ноябрда күчүнө кирген мыйзам эрежелери өзгөртүлөрүн маалымдады.
Аталган мыйзамда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керектиги белгиленген. Туризм, бизнес тармагындагы адистер бул жобо мамлекетке туристтерди тартууга терс таасир тийгизип, туризм тармагы артка кетерин айтып чыгышкан.
11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы 90дон ашык мамлекет атуулдарына өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган. (SE)