Сасык тумоодон улам Талас облусунда 29 мектеп, 17 бала бакча жана бир музыкалык мектеп убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас райондук оорулардыy алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Нуржан Базарбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, карантин киргизилген мектептин 28и Талас районунда, бирөө Манас районунда жайгашкан. Аларда 19-декабрга дейре окуу токтоду. Жалпысынан облуста 105 мектеп, 52 бала-бакча бар. (AlS)